www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1052 жаранга мунапыс жарыяланган

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата эркиндигинен ажыратылган 1052 жаранга мунапыс берилди. Бул маалыматты 31-майда Бишкектеги маалымат жыйында Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.

Кечирилгендер:

- 73 адам абактан бошотулду;

- абактан качкандан кийин кайра өз каалоосу менен жаза өтөөчү жайга барган 14 жарандын иши кыскартылды;

- 965 жарандын абактагы жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды.

«Мунапыстан кийин түзөтүү абагына 11 адам кайтып келген», - деди Эгембердиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости