www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда 2 миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) киргизиле турганын билдирди. Бул тууралуу ал 31-майда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Жапаров кассалык аппараттарды киргизүү салык тармагындагы коррупцияны азайтууга өбөлгө болуп жатканын кошумчалады.

"Бир эле чек деген механизм менен бир жагынан эл алган айлыгын кайда жумшап жатканын көрөбүз. Экинчиден, ишкердин ак ниет экендиги ачылат. Тартип ушинтип башталат. Чектер менен далай сырлар ачылат, ишкерлер бир топ салыктардан качып жүргөнү ачыкка чыгат. Чек талап кылуу менен – ишкерлерди жумшак тартипке чакырабыз. Чек талап кылып жаткан элибизге рахмат айтам", - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылык билдирип, митинг-пикеттерди өткөргөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан. 30-майда өкмөт үйүнүн алдында 100дөй ишкер көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акцияга чыккан. Ушундай эле акция Таласта да өттү.

Эске салсак, Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тарта коюла баштайт.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости