www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-ноябрдан тарта мектептерде кадимки режимде окуу башталат

11-ноябрдан тарта мектептерде кадимки режимде окуу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү 1 миң 489 жалпы билим берүү уюмдарынын 1-6, 9, 11-класстарынын окуучулары үчүн кадимки окуу режими жанданат.

Аймактар боюнча бөлүп караганда:

Нарын облусу – 142;

Жалал-Абад облусу – 220;

Баткен облусу – 177;

Ош облусу – 434;

Ысык-Көл облусу – 160;

Талас облусу – 77;

Чүй облусу – 279.

"Эки апта бою реалдуу режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга дагы реалдуу режимде окууга уруксат берилет", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан, республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде реалдуу режимде окууну жандандырууга уруксат берген жок.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости