www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанга атайын уюштурулган үч каттам менен Бангладештен 888 адам иштөө үчүн келет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзбекстандагы элчиси Жахонгир Алам The Daily Star маалымат булагына билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.
239 адамдан турган биринчи топ республикага 7-ноябрда келген. Алар Карши шаарындагы автоунаа чыгаруучу ишканага орноштурулган.
"Перс булуңундагы өлкөлөрдө чет элдик жумушчуларга суроо-талаптын азайышына байланыштуу Бангладеш үчүн жаңы эмгек базарларын издөө маанилүү экендигин адистер айтышты. Буга ар кандай себептер, анын ичинде жумушчуларды мыйзамсыз иштетүүнүн өсүшү түрткү болду", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Бангладештин өкмөтү жарандарына Кытай, Камбоджа, Польша, Румыния, Хорватия жана Сейшел аралдарынан жаңы эмгек рыногун сунуштаган.
Өлкө бийлиги Борбор Азия чөлкөмүн да жумушчу күчтү жиберүүчү аймактардын бири катары карап жатышат.
Булак: NazarNews.kg