www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабах душмандардан толугу менен бошотулду

Тоолуу Карабах душмандардан толугу менен бошотулду. Бул тууралуу Түркиянын президентинин пресс-катчысы Ибрагим Калын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган.

"Карабах бошотулду. Карабах - бул Азербайжан. Мындан кийин дагы Түркия согуш талаасында жана сүйлөшүү столунда да Азербайжандын жанында болот", - деп жазган Калын.

Эске алсак, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян буга чейин кабыл алынган келишим ал үчүн өтө оор чечим болгонун белгиледи.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келишимге кол коюуну Армениянын багынып бериши деп атады. Анын айтымында, келишим Баку үчүн эң пайдалуу. Мындан тышкары, аскерий баскыч аяктап, саясий маселелерге өтүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости