www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет. 

Маалыматка ылайык, Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости