www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кантта 10 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп кетишти

Кантта 10 жаштагы баланы сүзүп кетишти. Укук коргоо органдары сот кылмышкерди бошотушу мүмкүн деп кооптонууда. Бул тууралуу алар Kaktus.media сайтына билдиришкен.

Алардын айтымында, 1-октябрда саат 10:00 чамасында Кантка жакын Киргшелк айылындагы көчөлөрдүн биринде “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичи автобустун айдоочусу 10 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Айдоочу баланы эки жолу тебелеп кеткен. Бала алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер анын каза болгонун аныкташкан.

Тергөө учурунда кичиавтобустун айдоочусу унаа айдап баратып наушник тагынып алып, алаксып жүргөндүктөн баланы көрбөй, жада калса укпаганын айткан. Окуяны кырсык деп эсептейт.

6-октябрда Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунда айдоочунун баш коргоо чарасы каралат. Бирок күч түзүмдөрүнүн жана каза болгондордун жакындарынын айтымында, шектүүнүн атасы Ички иштер министрлигинин пенсионери жана анын байланыштарынын аркасында баласы жазадан кутулуп, сот боштондукка чыгарышы ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости