www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сезим" кризиcтик борборунда жашап жаткан айрым айымдар жүрөк тилген окуяларын балдарынын көзүнчө эле айтып берип жатышты. Албетте, мен алгач кичине баланын кулагы мындайды укпаш керек эле го деп ичимден бушайман болдум. Кийин менин маңдайымда отурган беш жашар бала башынан кандай азапты өткөргөнүн угуп, жаным кейип кетти.

Съемка боло турган жерге баратканда эле маршруткадан бир кызды байкагам. Алгач эле анын сулуу келбети, артка байланган узун чачтары, кулпунайдай кызыл ооздору көрүнгөн. Бирок үстүндөгү кийими өтө жупуну.

Экөөбүз маршруткадан түшүп, чогуу кетип бараттык. Көрсө ал дагы оор кырдаалга туш болгон аялдар жашачу "жашыруун" үйгө баратыптыр. Көп өтпөй эле 28 жаштагы бул келинди күйөөсү сабап, кабыргасын сындырып салганын билдим. Ошондо дагы милиция кызматкери "сен өзүң жаман келинсиң" деп арызын албай койгон экен. Өкүнүчтүүсү — бизде мындай тагдырга туш болгон аялдар толтура.

Айласы кеткен аялдар — шелтерге кантип барып калышат

Шелтер деп жашоосунда оор кырдаалга туш болгон аялдар бара турган борборду аташат. Анын кайсы жерде экени айтылбайт. Жадакалса, биздин сүрөтчү Табылды экөөбүздөн анын кайсы жерде экенин эч кимге айтпай турганыбыз жөнүндө кагазга кол койдуруп алышты. Албетте, мындагы аялдардын чыныгы атын жазууга менин укугум жок.

Мындай жашырынуунун негизги себеби — айласы кеткенде качып келген аялдарын издеп жүргөн зөөкүр күйөөлөрүнөн сактоо.

"Сезим" борборунун директору Бүбүсара Рыскулованын айтымында, өч алгысы келгендер киши өлтүрүүгө чейин барышы мүмкүн.

"Бир нече жыл мурда үрөйдү учурган окуя болгон. Жолдошу менен ажырашкан аял бизде жашап турайын деп келген. Бирок ошол учурда борбор ремонтко жабылган эле. Ал аял Энергетика министрлигинин кызматкери болчу, күйөөсү аны жумушунан таап алыптыр. Ошол жерден аялын, жанында турган эки кишини атып өлтүрүп, аягында өз жанын өзү кыйган. Экөөнүн кызы менен уулу жетим калды", — деди ал.

Маалыматка караганда, кризистик борборлордун негизги кардарлары — көп жыл бою зөөкүр күйөөсүнөн азап чеккен аялдар. Болгондо дагы көпчүлүгү аягына чейин чыдап, таптакыр айласы түгөнгөндө жардам сурап кайрылгандар.
"Бир жолу Тез жардам кызматы бир аялды алып келди. Өмүрүмдө ушунчалык сабалган кишини көргөн эмесмин. Арыктыгын айтпай эле коеюн. Көрсө ал эки баласын таштап, наркоман күйөөсүнөн качып кетиптир", — деди Рыскулова.

Анын айтымында, кийин балдарды милициянын жардамы менен алышкан. Бирок келин сакайып, өзүнө келгенден кийин күйөөсү менен элдешип алды. Маалыматка караганда, дал ушундай кадамга борборго келген 10 аялдын жетиси барат экен.

Ал эми шелтердин координатору Виктория Тяндын айтымында, күнөөсүн мойнуна алган күйөөлөр чанда кездешет.

"Көпчүлүк эркектер чыр-чатакка аялдын өзүн күнөөлөшөт. Бирок кандай болгон күндө дагы аялды ушунча кордоого болобу?"— деди ыктыярчы.

Дубалдарына гүлдөр тартылып кооздолгон балдар бөлмөсүнө кирдик. Дароо эле көзүндө үмүтү өчкөн аялды көрдүм. Жанында балдары селкинчекте ойноп жатышыптыр.

Нургүлдүн окуясы

Биз 9 жыл мурун баш кошконбуз. Анда ал жаңы эле Россиядан келген, биринчи никесинен эки баласы бар экен. Боюма бүткөндөн кийин жашоом азапка айланды: күйөөм абдан көп иччү болду.

Бир күнү менин бардык документтеримди отко жагып салды. Кол көтөргөндө айласыздан эшикке качып чыгып, жан сактап жүрдүм. Бир жолу бир жашар уулум экөөбүздү отургучка отургузуп, артыбыздагы дубалга бычак ыргыта баштады. Өзүн билбей калды окшойт… 

Коңшу-колоң дагы арыздана баштаганда башка шаардагы күйөөмдүн ата-энеси жашаган үйгө көчтүк. Ал жактан балдарды уруп жүрдү. Үйдө арак-шарап болуп калса эле мен балдарды эшикке алып чыгып, жашынып жүрчүмүн. Акыры ооруга чалдыктым.

Кийинчерээк кыздуу болдум. Күйөөмдүн иштейин деген оюу да жок болчу. Анда-санда убактылуу акча таап, үйгө 200-500 сом алып келчү. Көп учурда нанга акчабыз жок калаар элек. Жакын арадагы бардык дүкөндөргө карыз болдум.

Бир күнү чыдабай кетип, "жумуш тапчы, жүрөгүм ооруп жатат, доктурга көрүнгөнгө 200 сом берчи" дедим. Ал жини келип "мага акыл үйрөткөндөй сен кимсиң?!" деп үйдөгү идиш-аяктын баарын талкалап салды да эшикке чыгып кетти. 

Түнкү саат үчтө келип ваннада жуунуп жаткан жеримен залга чачыман сүйрөп келди. Балдар баарын түшүнүп, качып кетишти. Жыгылып кетсем, буту менен тепкиледи.

Ызы-чууну уккан кошуналар чуркап келишти. "Аялыңды өлтүрүп аласың, тепкини токтот!" деп айтышты. Мен милиция чакырдым, алар келгиче күйөөм из жашырып кетти.

Ооруканага жатып калсам, күйөөмдүн туугандары 2650 сом жөнөтүшүптүр. Бул дарылануунун акысы болчу. Ошондон кийин эч кимисин көргөн жокмун.

Азыр цехте кийим тигүүнү үйрөнүп жатам. Балдарымды бутка тургузушум керек. Жок дегенде кыялданганды үйрөндүм, мурун кыялдангандан да коркчумун…

"Эл эмне дейттен" улам талкаланган тагдырлар

Бул борбордо жабыркаган аялдар бир айга чейин жүрө алат. Андан кийин транзиттик жайга көчүрүлөт. Ал жакта 8 айга чейин жашоого болот. "Нур" социалдык үйүнүн жетекчиси Анара Өмүркулова билдиргендей, бул жакка келген кишинин баарын эле ала бербейт.

"Аял иштеши керек, бул жакта жашагандар айына 1000 сом төлөшөт. Даяр оокатка көнбөсүн деп аз да болсо акы киргизүүнү чечтик", — деди ал.

Өмүркулованын айтымында, транзиттик жайда тигүүчүлүк, маникюр жасоо, чач тарач жана бухгалтердик кесиптер окутулат. Жумуш табууга көмөктөшөт.

Социалдык кызматкер Асель Ибраимова билдиргендей, жабыркаган аялдарды кадимки жашоо шартка кайтаруу оңой иштерден эмес.

"Көптөгөн жылдар бою зөөкүр күйөөсү менен жашаган аял көз каранды болуп калат экен. Көбү эч нерсе жасагысы келбей, кимдир-бирөө келип көйгөйүн чечип беришин күтөт. Анткени алар башка жашоону билбейт, көргөн эмес", — деди Ибраимова.

Ыктыярчылардын айтымында, күйөөсүнөн токмок жеген аялдардын бараар жери жок. Туугандары үйүнө киргизбей, кайра алардын өзүн урушат. "Сезим" кризистик борборунун өкүлдөрүнүн айтымында, көп учурда эркектин кемсинтүүсүнө чыдап жашоого келиндин жакын туугандары мажбурлайт.
Бир аял борборго кызын алып келди. Күйөө баласы жакшы акча тапкан ишкер экен. Аялын катуу сабап салыптыр. Келин бул жакта бир аз жашагандан кийин энеси келип, "күйөөңө кайтып бар, күнүбүз өтпөй калды" деп кызын кайра алып кетти", — деди Бүбүсара Рыскулова.

Бир топ убакыт өткөндөн кийин баягы келин кайрадан кризистик борборго келди. Энеси ыктыярчылар кызымдын башын айлантып салышты, сотко берем деп коркутуп-үркүтүп кеткен. Көрсө, кызы аны ур-токмокко алган күйөөсү менен жашагандан баш тартыптыр…

Эсиңерде болсо макаланын башында маршруткада жолуккан кыздын окуясын айтып бердим эле. Эми ал каарманыбыздын окуясына убакыт жетти.

Наргизанын тагдыры

Мен Өзбекстанда төрөлгөн кыргызмын. Бишкекке окуу жайга тапшыруу үчүн келгем. Экинчи курсумда группалашымдын таанышы ала качып кетти. Мен аны менен тааныш болбогондуктан отурбай кетүүгө аракет кылдым.

"Эгер калбасаң, бул жакта окууга жол бербейбиз! Уят кылабыз, уктуңбу?" — дешти болочоктогу жолдошумдун туугандары. Атам менен апама телефон чалсам, алар да калбасам элге уят болорун айтышты.

Бишкекте бир дагы жакын адамым жок болгондуктан, эч кимге жардам сурап чала алган жокмун. Акыры калып, расмий түрдө баш коштук.

Азыр ойлосом эки баламдын жарыкка келишинен башка бир да жолу маңдайым жарыла кубанбаптырмын. Кайын журтум басынтып, күйөөм кол көтөрө баштады. Чыдабай ата-энемдин үйүнө качып кеткен учурларым болду. Бирок алар "күйөөң бар, үйүң бар, сага дагы эмне керек?" деп артка кайтарып жиберишчү.

Бир жолу Өзбекстанга кетип калсам, жолдошум үйгө башка аялды алып келиптир. Мага болсо "келбе" деди. Жаңы келин кайненеме жакпай калып, акыры аны дагы кетирип тынган экен. Аны уккан ата-энем "күйөөңдүн башы бошоптур, эми үйүңө бар" деп жемелей баштады.

Айласыздан кайрадан күйөөмө келсем "мен сени чакырган эмесмин!" деп оңураңдады эле, кайненем мага болушуп, алып калды. Көрсө ал менин кызымды багып алгысы келип жүрүптүр. Себеби өзүнүн кызы жок эле.

Бир жолу жолдошум мени ушунчалык катуу сабаганынан кабыргаларым сынып, ооруканага түштүм. Жолдошум үчүнчү ирет үйлөнүп алды. Бирок кайненем баласынын алимент төлөбөшү үчүн ажырашуубузга каршы чыкты.

Буга чейин бир нече ирет милицияга кайрылгам. Бирок анда жолдошумдун айылдашы иштечү. "Сен өзүң начар келин болсоң керек да" деп арызымды кабыл албай койду. Балдарымды кайненемден алып кетүүгө "Сезим" борборунун юристтери милиционерлер менен биргеликте жардам беришти.

Учурда мектепте иштеп жатам. Кызымды жакшы мектепке, уулумду балдар бакчасына берүүгө жардам беришти. Университетке резюмемди жиберип койдум. Сентябрь айында кыргыз тили мугалими катары ишке алып, жатаканадан бөлмө беришээр деп үмүт артып жатам. Баса, мен азыр бактылуумун. 

Жашоосу, балдары жана үмүтү

Транзиттик үйдүн ыктыярчыларына бир катар суроолор менен кайрылдым.

— Жолдошунан кордук көргөн аялдар эмне себептен биринин артынан бирин төрөй беришет? Өзү араң жашап жатса…

— Жолдошу аялына такыр акча бербей коет. Негизи эле мындай үй-бүлөлөрдө кайдагы пландуу жашоо болсун?! Кээде айрым аялдар "дагы бир бала төрөсөм күйөөм өзгөрөт" деп ойлошот. Бирок, албетте, эч кандай өзгөрүү болбойт.

Бүбүсара Рыскулованын айтымында, юридикалык жактан дагы эркекти материалдык жардам берүүгө милдеттендирүү өтө оор.

"Элестетип көргүлө, жарандык никеден төрөлгөн үч бала бар. Бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк эркектин тууган-туушканына жазылган. Документтер боюнча күйөөсү жумушсуз. Ал мурдагы жубайына ийгилик каалап туруп, башка аялдарына кетип калат", — деди ал.

Социалдык кызматкер Асел Ибрагимованын айтымында, аялдын бутуна туруп кетүүсүнө жардам берүү үчүн атайын кайрымдуулук насыя иштелип чыккан. Ишкерлик кылууга же окуу үчүн берилген 35 миң сом 15 айдын ичинде кайтарылышы шарт. Эч кандай пайыздык үстөгү жок.

"Банктан насыя ала алышпайт, анткени үстөгү абдан көп, күрөө коюу керек, бир жерде иштешиң шарт. Биздикин ишеним насыясы деп койсо болот. Азырынча сызга отургузуп кеткендер жок", — деди Ибрагимова.
 Кыргызстанда таң калычтуу нерсе бар: айрым аялдар жогорку кызматтарды ээлесе, кээси үйдө жамбаштап жаткан күйөөсүн тургуза албай убара.

Айнура бизге күйөөсү эмес, акыйкаттык үчүн күрөшү тууралуу айтып берди. Келиндин бул күрөштөн жеңип чыгам деген ишеними күч.

Айнуранын окуясы

2016-жылдын 12-июлу эси-көөнүмдөн кеткис күн болду. Кошунам 11 жаштагы кызымды кармап алып, зордуктоого аракет кылыптыр. Мунун баары кичүү кызымдын көз алдында болгон экен. Кудай жалгап, кыздарым зөөкүрдүн колунан аман-эсен жабыркабай кутулуп чыгышыптыр. 

Мен милицияга арыз жаздым. Ошондо эле кошуналарымдын "жакшы тааныштары" бар экенин уккам, бирок баштаган ишти аягына чыгарайын дедим. Кезектеги сот процессинен кийин айыпталуучунун туугандары адвокатым экөөбүздү сабап кетишти да, мен ооруканага түшүп калдым.
Жолдошум башынан эле арыз жазуума каршы болчу. Анан тажады окшойт, "өзүң териштирип алчы" деп кол шилтеген бойдон Россияга кетип калды. Төрт балам менен калып калдым.

Коңшуларым коркутуп-үркүтө бергенинен улуу кыздарымды алдым да Бишкекке качып кеткем. Айылдаштардын айрымдары тиги зөөкүрдү 11 жаштагы кызым өзү азгырган деп айтып чыгышпадыбы, элестетиңиз… Кыздарым түнү менен уктабай, ыйлап жүрүштү, коркуп калышыптыр. Азыр балдар психологуна барып жатышат.

Жок, мен эч нерсеге өкүнбөйм. Сот иштеринин бирин да калтыра элекмин, бирок көбүнүн мөөнөтү улам жылдырылып келет. Акыры акыйкаттыкка жетериме ишенем!

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости