www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венесуэланын президенти Николас Мадурого жасалган кол салуудан кийин 11 журналист кармалды. Журналисттердин улуттук кеңеши венесуэлалык, испаниялык жана аргентиналык басылмалардын өкүлдөрү кармалганын билдирди. Дагы бир нече журналист токмок жеп, тонолду. Улуттук кеңеш кылмышкерлерди таап, жазалоону талап кылды.
Буга чейин Венесуэланын ички иштер министри Нестор Реверол баш калаа Каракастагы операциянын натыйжасында алты киши кармалганын жана «маанилүү маалымат» алынганын билдирген.
Мадурого жардыргыч зат бекитилген бир нече дрон менен ишембиде аскердик парад учурунда чабуул коюлган. Алардын бири бутага жетпей абада жарылган. Экинчиси болсо көп кабаттуу үйгө тийип жарылган.
Телеканалдар көрсөткөн видеодо Мадуро Венесуэланын экономикасы тууралуу сүйлөп жатканда кокустан жарылуунун үнү угулат. Мадуро асманды карап калса, анын жубайы Силия Флорес коркконунан колу менен төшүн жаап калганы көрүнөт.
Катарда тизилип турган аскерлер жабалактап качып жөнөшөт. Мадуро менен анын жубайы жабыркаган жок.
Булак: "Азаттык"