www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Ак калпак күнүнө карата Жогорку Кеңештин 9 депутаты калпак кийип келсе, калгандары жөнөкөй күн катары кабыл алышканын жыйындар залынан көрүүгө болот.
Бул майрамды ушул биз айтып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары, тагыраагы 4 жыл мурун, 5-мартты “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү”- деп расмий бекитишкен. Муну менен катар, ушул күнү кары-жашы дебей калпакты унутпоо максатында кийип жүрүүгө чакырышкан эле. Эми минтип өздөрү унутуп калган сыяктуу.
Бирок, Мирлан Бакиров, Зиядин Жамалдинов, Дастан Бекешев, Бактыбек Турусбеков, Тазабек Икрамов, Пархат Тулендыбаев, Кожобек Рыспаев, Алтынбек Сулайманов жана Исхак Пирматовтор майрамдын шаңы менен калпак кийип келишти. Эске сала кетсек, Ак калпак майрамы Кыргызстанда 2011-жылдан бери майрамдалып келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекиткен. Бул майрамга карата мырзалардын күн бою ак калпак кийип жүрүшү салтка айланган.
Булак:NazarNews.kg