www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-13-октябрда Бишкектеги билим берүү уюмдары (мектеп, менчик түрүнө карабастан орто жана жогору билим берүү уюмдары) аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин мэрия ордо калаада 12-13-октябрда мектептер онлайн режимге өтөрүн маалымдаган. Билим берүү министрлигинин чечимине ылайык, бул күндөрү студенттер дагы аралыктан окумай болду. Бала бакчалар иштебейт.

Эскерте кетсек, бул күндөрү Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт.

Эки күн Бишкек менен Чүйдүн кээ бир көчөлөрү автоунаалар үчүн дагы жабылат. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости