www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өтө орчундуу өзгөрүүлөр башталды, үч жыл мурда бийликке келгендер ойлорун эми ишке ашыра баштагандай. Эң кыйын деп эсептелген кримтөбөл түшүнүксүз жагдайда атып өлтүрүлдү, анын санаалаштары анын ордун басуудан биринин артынан бири баш тартып жатат. Улам жаңы камоолор болууда – Бишкектин башкы архитекторунан тартып, америкалык мектептин директоруна чейин.

Мамлекеттик маалымат каражаттары пропагандасын күчөттү, бирок ошол эле мамлекетке таандык «Бешинчи канал» менен «Пирамида» жабылууда, башка агенттиктер, журналисттер жана блогерлер өтө этият болууга аргасыз. Камалган жарандык активисттердин соту жабык бойдон өтүүдө.

Эң негизгиси болсо, бийлик өз аракеттери тууралуу маалыматты ченеп-бычып гана билдирет, андан айырмаланган маалымат тараткандар жазаланат, мурдагыдай ачыктык жок. Ошондуктан бул саясатка туура баа берүү өтө кыйын, чыныгы жагдай көптөн кийин гана белгилүү боло тургандай.

 

Последние новости