www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай палестина-израилдик жаңжалдын тараптарын согуштук аракеттерди токтотууга, жаңжалды диалог жана сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин 9-октябрда Пекинде ведомстволук басма сөз жыйынында айтты. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

Кытайлык дипломат Палестина-Израиль чатагы жана АКШнын Израилге ок-дарыларды жеткириши боюнча журналисттердин суроо-талабы боюнча комментарий берип жатып билдирди.

"Палестина-Израиль жаңжалында Кытай ар дайым калыстык жана адилеттик тарапта. Кытай Израил менен Палестинанын орток досу. Биз Палестина менен Израилдин тынчтыкта ​​жанаша жашашын жана коопсуздукту жана өнүгүүнү бирге көрүүгө чын жүрөктөн үмүттөнөбүз. Бул көз караш эки мамлекеттин жанаша жашоосу жана эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү жөнүндөгү чечимди ишке ашыруу болуп саналат”, - деди ал.

"Мен Кытайдын бул маселе боюнча позициясы ырааттуу деп ойлойм. Биз диалог жана сүйлөшүүлөр көйгөйдү чечүүнүн негизги жолу деген көз караштабыз. Биз бардык тараптарды ок атышууну жана согуштук аракеттерди мүмкүн болушунча тез арада токтотууга чакырабыз”, - деп билдирди кытай дипломаты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости