www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй-бүлөлүк акчаны короткон аял кылмыш тууралуу билдирүү менен аны жашырууну чечкен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Москва районунун Петровка айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 8-октябрь күнү саат 12лер чамасында алардын үйүнө каракчылар киришкен. Аялын зомбулук менен коркутуп, 215 миң сомун жана смартфонун алып кетишкен.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө арыз ээсинин аялына эч кандай зыян келтирилбегени аныкталган. Маалым болгондой, 1999-жылы туулган У.М., акчанын бир бөлүгүн өзүнүн жеке муктаждыктарына жумшап, каракчылар тууралуу окуяны ойлоп тапкан. Ал калган 127 миң сом менен телефонду кайда катканын көрсөткөн.

Жыйынтыгында аялга карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгы менен ага юридикалык баа берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости