www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-августка карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгилмезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +14...+19

күндүз +29...+34

Талас облусунда

түнкүсүн +10...+15

күндүз +26...+31

Баткен облусунда

түнкүсүн +17...+22

күндүз +31...+36

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +17...+22

күндүз +31...+36

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +11...+16

күндүз +24...+29

Нарын облусунда

түнкүсүн +11...+16

күндүз +24...+29.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Түнкүсүн +16...+18°,

күндүз +32...+34° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Түнкүсүн +13...+15°,

күндүз +24...+26° жылуу болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости