www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбургда Наргиза Айтматова аттуу кыргызстандык аял жети жашар уулун 300 миң рубльга сатууга аракет кылган.

 Бул тууралуу “Альтернатива” ыктыярчылар уюму билдиргенин "Комсомольская правда" жазды. Аталган уюмдун кызматкерлери Наргиза тууралуу өзүлөрүнүн катталуучулары тарабынан билишкен.

Катталуучунун бири соцтармактан аял 7 жаштагы баласын сатып жатканы тууралуу жарыяны таап алган.

"Биз дароо бул аял менен кат алышып, бардык чоо-жайын биле баштадык. Көрсө, Наргиза аттуу аял, анын айтымында, биринчи никесинен 7 жаштагы уулунан тышкары дагы эки баласы бар экен. Наргиза күйөөсү улуу баласына каршы экенин айтып, карызын төлөө үчүн баласын сатууну чечишкен", - деп ыктыярчылар уюму билдирди.

"Бул боюнча кармалган аял жасаган кылмышын мойнуна алды. Учурда кылмыш иши боюнча далилдерди чогултуу боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп түшүндүрдү Свердлов облусу боюнча тергөө комитетинин жетекчисинин улук жардамчысы Александр Шульга.

«Үй-бүлө башчысы, тактап айтканда Наргизанын күйөөсү аялынын бул кылыгы тууралуу билген эмес», - деп кошумчалайт Ички иштер министрлигинин облустук башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Валерий Горелих. Учурда бала ооруканага жаткырылды, андан соң анын кайда бараары чечилет».

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин “Жашы жете электерге карата сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Аял 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости