www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- “Барпыда “Жони” аталышындагы парк ачылганына күбө болдук. Камчыбек Ташиевдин агасынын ысымы берилиптир. Коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, талкууга “жем” таштады. Бул боюнча кандай ойдосуз?”

- Өзүбүздүн иш чарабыз менен Жалал-Абадга ыйык жума күнү барганбыз, Чубак ажы атындагы мечитте эл менен жолугушуу болмок. А жерде Камчыбек Ташиевдин көзү өтүп кеткен агасы Жаныбектин төрт баласы менен кезигип калдык. Барпы айылынын ортосунда мурун таштанды жаткан, каралбай калган жер тилкеси бар экен.

Негизи бул айылда мечит, спорт зал, бир канча мектеп жана жолдору да оңдолуптур. Бир гана элдер эс ала турган жай жок экенин айтышып, “атабыздын элесине багыштап, сейилдөө багын салдык” дешти. Аябай баалана турган нерсе да. Пайгамбарыбыздын хадисине туура келет.

“Кимде-ким эгин эгип же бир чырпыкты жерге сайып койсо, алар берген түшүмдүн сообу эккен кишиге жетип турат” деп, жасаган иштерине кубандым. “Бул жерди өзүбүздүн каражатыбыз менен курдук” дешти. Мурдагы сүрөттөрүн да көргөзүштү. Мындай нерсени Кыргызстан боюнча жайылтышыбыз керек. Муну мен кошоматтанып айтып жаткан жерим жок.

Эми таштанды жаткан жерди гүлдөгөн бакка айлантып, фонтанын, отургучтарын, жарыктарын коюп, элдин баары балдары менен эс алгандын эмнеси жаман? Бул шариятыбызда баалана турган нерсе, сүйүнүп турам.

Муфтий катары баардык Кыргызстандын мусулмандарына айтат элем. Бул боюнча мечиттерге барып, жар салып да атам. Ысырап кылып, ар кандай спорттук иш чарага байге, нечендеген малдарды сойгондон көрө эл ичинде түбөлүк кала турган алгы иштерди жасайлы. Мектеп салалы. Ал деле мечит салгандай сооп болот. Жолдорду оңдоп, көпүрө куруп, суу чыгарып, ушундай парктарды салып берели. Курулуш кылалы, өнүгөлү. Жөн эле балчыкта жата берелиби?

 Эми ушундай жакшы иштер болуп атса, кээ бир интернет колдонуучулар бар экен, жакшыны көрө албай, кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издешип, болбогон кептери менен көпчүлүктүн көздөрүн будамайлап жатып калышат.

 Анткен менен Кыргызстанда 6 миллион ашык эл бар, баарын карап, туура баамдап атышкан, муну да эске алуубуз кажет. Бул өтө чоң үлгү болду. Муну улантыш керек. Эл үчүн кылып аткан азаматтарды колдошубуз зарыл!

Булак: Азия News гезити

Последние новости