www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Акыйкатчы институтунун Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовскийге байланыштуу иш-аракеттерин сындады.
Анда Низовскийге козголгон кылмыш ишин тергөө ар тараптуу, объективдүү жана өзүн коргоо укугун камсыз кылуу менен өтүп жатканы айтылат.
"Тергөө коргоо укугун камсыз кылуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү принципти сактоо менен жүргүзүлөт.
Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн.
Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган.
Бирок, ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Ю.Низовскийдин жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алынып, баш коргоо чарасын «үй камагына» өзгөртүү чечими кабыл алынган.
Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз.
Ошону менен бирге, УКМК мыйзамдардын талаптарына ылайык, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына жана тергөө камак жайына кармалгандарга, камакка алынгандарга Акыйкатчы Аппаратынын өкүлдөрү тоскоолсуз кирип чыгуусун камсыздап жатканын белгилеп кетебиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Директор 9-агустта, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Низовский балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемесине жана 1-класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн бир нече жолу акча алган деп шектелүүдө.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Низовскийди кечээ, 10-августта сот аны үй камагына чыгарган.
Белгилей кетсек, Юрий Низовский №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексин 28 жылдан бери башкарып келет. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин беш жылдан ашык иштеген директорлорду жумуштан алып, кайра конкурс аркылуу тандоо боюнча реформасына каршы болуп сынакка катышуудан баш тартканын айткан. Аны менен катар кээ бир ата-энелер аны ордунда калтырууну талап кылышууда.
Булак: NazarNews.kg