www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-июлда республиканын аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34...+39, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35...+40, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын жергесинде +25...+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36...+38, Ош калаасында +37...+39, Чолпон-Ата шаарында +27...+29 градус болот.
Белгилей кетсек, 14-июлга чейин аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт. Мындай жагдайда организмди ысык өткөрүп алуудан сактанып, көлөкөдө жүрүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунушталат.
Булак: NazarNews.kg