www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын келечеги НАТОдо, бирок бардык мүчө-өлкөлөр макулдук берип, бардык шарттар аткарылганда гана Киевди өз катарыбызга чакырабыз. Мындай пикирин Түндүк Атлантика альянсынын башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун саммити өтүп жаткан Вильнюс шаарындагы басма сөз жыйынында билдирди.

Столтенберг Украина мүчөлүккө жакындаганын белгилеп, муну уюмдагы өлкөлөр Орусиянын атайын операциясы башталгандан бери Киевге колдоо көрсөтүп жатканы менен түшүндүрдү. Ал эң негизгиси бул жаңжалда Украинанын жеңип чыгышын камсыздоо керек экенин, ансыз мүчөлүк маселеси талкууланбай турганын айтты.

Шейшембиде Литвага баратканда Украинанын президенти Владимир Зеленский уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлерин чечкинсиз деп айыптаган. Саммиттин алкагында ал АКШнын президенти Жо Байден менен жолугары кабарланган.

Мурдараак Жо Байден Украинаны НАТОго кабыл алууга азырынча эрте экенин билдирип, Киевдин блокко кириши альянс менен Орусиянын ачык тирешине жол ачышы мүмкүн экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости