www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдо 12 жаштагы кызды зордуктап, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бул маалыматты кечээ, 9-февралда Бишкек шаарында уюштурулган жолугушууда «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
«Бизге Талас облусунан тууганы — молдо тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 12 жаштагы кыздын таежеси кайрылды. Окуя Орозо маалында болгон», - деди ал.
Анын маалыматына караганда, эркек киши 20 жылга эркиндигинен ажыратылган.
«Молдо тарабынан туугандарынын кыздарына көрсөтүлгөн сексуалдык мүнөздөгү адепсиз аракеттер биринчи жолу эместиги аныкталды. Мындан тышкары 13-14 жаштагы башка кыздар дагы зордукталган. Биз бардык органдар менен байланышып, адвокаттарды бердик. Маалымат кампаниясынын жардамы менен биз соттордун иштерин көзмөлдөөгө алдык. Биринчи инстанцияда ага 1 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынган болчу. Ал киши 20 жылга эркиндигинен ажыратылгандан кийин биз акыйкаттыкка жеттик», - Н.Турдубекова.
Аталган фонддун жетекчиси башка жабырлануучулардан арыздар келе электигин кошумчалады. Себеби, көпчүлүк мындай кыздар энесиз өсүп, туугандарынын үйүндө жашап, ата-энеси ажырашып кеткен үй-бүлөлөрдөн чыккандар.
«Коомчулук өздөрүнүн жеринде эмне болуп жатканын билишет. Бирок эмнегедир ал көйгөйлөрдү көргүсү келбей, көз жаздымда калтырышат», -деди ал деп жазып чыккан Turmush басылмасы.
Булак: NazarNews.kg