www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер 12 жылдык окууга өтүү чечими кабыл алынса, ал 2023-2024-окуу жылында башталышы ыктымал. Бул тууралуу брифинг учурунда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы мектептерди 12 жылдык окуу системасына өткөрүү боюнча демилге көтөргөн.
"Бала окууга алты жашынан баштап жана атайын даярдыгы жок эле кабыл алына баштайт. Балага өзүнүн курагына жараша сабактар өтүлөт. Мисалы, оюндар, жеңил көнүгүүлөр сыяктуу. Башкы максат — баланы социалдаштыруу", — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал программа иштелип жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg