www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда Кыргызстан 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтсө, 1-класска баргандарга кандай билим берилерин айтып берди.

Жусупбекова 1-класска (ред.: азыркы 0-класс) барган окуучуларга оюн методологиясы иштелип чыгарын айтат.

“Ар 10 мүнөт сайын оюн өткөрүп туруу каралууда. Балдар топ-топ болуп иштешүүнү, бири-бирине суроо берүүнү, ага жооп берүүнү жана көңүлүн бир жерге топтоого үйрөнүшөт. Башкача айтканда, социалдашуу процессинен өтөт. Балдардын өзгөчөлүгүн эске алып программа түзүлөт. Ал эми 2-класстан баштап кадимки окутуулар башталат”, - дейт ал.

Жусупбекова 12 жылдык окутууга дароо өтпөй, этап-этабы менен жүрө турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө эмне үчүн өтүшү керектиги тууралуу министрлик түшүндүрмө берген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости