www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Табылды мырза, бул жуманын эң маанилүү окуяларынын бири бул - Кыргызстанда азыркы бийликке оппозициянын пайда болушу болду көрүнөт. Эмне болуп кетти? Буга чейин оппозиция эмне баш көтөрбөй келди?

-Буга чейин эле оппозиция бар болчу. Бирок, кечээ алар билдирүү таратып, коомчулукка өздөрү жөнүндө ачык жарыялап, мындан ары чогуу-чаран аракетте болушаарын билдиришти. Албетте, булардын биригиши тууралуу ар кандай сөздөрдү айтып жатышат. Айрымдар муну Байдендин акыркы билдирүүлөрү менен байланыштырышса, айрымдар Орусия-Украина жаңжалынын аякташы менен да байланыштырып жатышат.

--Байден эмне билдирүү жасады эле?

--Байден акыркы учурларда «эми биз дайыма биринчи болобуз» дегендей мааниде сүйлөп жатты.

Анын мындай билдирүүлөрүн “эми биз дүйнөнү башкарууда биринчи скрипач болобуз” дегендей кабыл алышты. Б.а. кимдер алар менен эмес болсо жол бошотушат, АКШ өзүнүн достору менен гана иш кылат дегендей түшүнүп жатышат. Албетте, балким, бул жөн гана кыял да болушу мүмкүн. Бирок, ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө дегендей, кандай гана болбосун бул кыйытылган сөздөн ар ким өзүнчө жыйынтык чыгарып жаткандай.

--Орустарчы?

--Айрымдар орустардын азыр алы жок, Украинадан кийин алар тыныгууда болушат дешүүдө. Бирок, айрымдар тескерисинче, аларга да туруктуу өнөктөштөр керек экенин белгилешүүдө. Чынын айтсам, саясий процесстердин мындай бийлик үчүн күтүлбөгөн жүрүшүнө ал өзү да күнөлүү.

Бириинчиден, бийлик али да болсо дүйнө коомчулугу тарабынан толук кандуу тааныла элек. Бул боюнча жигердүү аракеттер да байкалган жок. Анан калса, буга бир эсептен Украинадагы жанжал да терс таасирин тийгизип жатты.

Экинчиден, бийлик буга чейин экономикалык деле өсүш көрсөтө албай келди.

Үчүнчүдөн, эл аралык абалга байланыштуу баалардын өсүшү. Бийликтин аны ооздуктоодо алсыздыгы.

Төртүнчүдөн, Кыргызстандын демократиялык баалуулуктардан тайгандыгы, журналисттерге кысым көрсөтүү, мамлекеттик структуралардын адам укутарын сыйлобоо жана чектөө аракеттери.

Бешинчиден, күч органдаларынын ашыкча камоолору, УКМКнын болуп көрбөгөндөй кучкө ээ болушу жана анын монстр структурага айланышы.

Алтынчыдан, Муфтияттын, имамдардын мамлекеттик жана коомдук ишке ачык кийлигишүүсү. Кыргыз элинин каада-салт, үрп-адаттарынна туура келбеген фатваны жарыялашы.

Жетинчиден, бюджетти колдоо максатында кредиттердин алынышы. Жетинчи, кадр саясатындагы кемчиликтер. Сегизинчи, Баткендеги коррупциялык жана крименогенндик абал. Мына ушинтип айта берсе, дагы бир топ нерселер чыга берет.

--Бирок, сиз С.Жапаровдун үрп-адаттарды иретке келтирүү жөнүндөгү Указын атаган жоксуз го? С.Жапаров кечээ жакында маданият кызматкери менен жоолугушу учурунда мен Указымда сөөк чыккан үйдө мал союлбасын дегем деди го?

--Ооба. Бирок, Президенттин бул маселеге кайра-кайра кайрылып, өтө чоң маани бергени элди таң калтырып жатат. “Башка маселе жоктон бетер, эмне эле карай-кайра ушул маселеге эле жабышат” деп. Айрымдар туура десе, айрым райондордо ачык эле каршы чыгып жатышат.

Себеби, мындан фермерлер катуу залал тартып жатат. Бүгүн жылкы баласы арзандап кетти дешүүдө. Соцтармактарда Жумгалда 75 миң сомдук жылкыны 45 миң сомго сурап жатышат деп нааразы болгону тарады.

Бирок, бул маселе акыры көп нерселерди ачыктап жатат. Мисалы, чынында сөөк чыккан үйдө өлкөнүн бир да регионунда 5 же 6 жылкы союлбаганы анык болду. Бир гана ЫсыкКөл чөлкөмүндө сөөк чыккан үйдө 5-6 жылкы союлчу экен. Аны да кудалар өздөрү союп алып келчү дешет. Түштүктө эзелтен эле жандык аз союлган. Эми бир чөлкөм үчүн өлкөнүн бүтүндөй фермерлерин кыйын абалга түшүрүү туура эмес деп жатышат.

Бул аракеттер бир жагынан өлкөнүн калкынын индустриял бөлүгү менен мусулмандарды карама-каршы коюп койсо, экинчи жагынан, мусулман агымдарын да бири-бирине каршылаштырып койду деп жатышат. Себеби, сөөк чыккан үйдө мал союлбасын деген сунушту пакистандан таралган агымдар жапатырмак колдосо, башкалары буга анча маани бербестигин айтышат.

Ошондо, Муфтияттын фатвасы пакистандык агымдардын таасиринен улам жаралган дешүүдө. Б.а. бул аракеттер али да болсо эл арасында ар кандай карама-каршылыктарды жаратып жатат. Бийликтин кыргыз коомчулугун консолидация кыла албай жатышы жана башка байкабастык менен кетирилген катачылыктар өлкөдө жаңы оппозициялык толкундун жаралышын камсыз кылды.

--Ысык-Көлдө уча таруу салты бар эле. Эми уча тартылбай калбайбы?

--Жакшы суроо болду. Уча демекчибиз, бул салт көлдүктөрдүн улуу салты эле. Бүгүн бүтүндөй Кыргызстанга жайылып жатат. Б.а. мунун өзү салттардын элди бириктирүү касиети бар экендигинда көрсөтуп жатат. Ар бир региондо ар кандай салттар болбой, жалпылашуу жүрүп жатканын көрүп жатабыз.

--5 маал намазга жыгылган адамдардын баары эле ыймандуу деп айтуу кыйын го. Киши баласы биринчи кезекте адамдык факторго жараша аракеттенет дегенди билгизип жатпайбы. Туурабы?

--Ооба. Адам болгон соң адамдык факторго карата аракетенет. Мисалы, 5 маал намаз окуп, ажылыкка барып келип деле ичимдик ичип жүрүшпөйбү. Башка диндегилерди капыр деп жаман көрүп, бирок ошол эле маалда балдарынын баарын орус мектепке берип жатышпайбы. Мен динчил адамдардан сурадым, сиз эмнеге балдарыңызды орус мектепке бересиз десем, “Менин да балдарым жогорку окуу жайын бүтүрүп, чоң болсо, таза жумушта иштесе, ишти оңой тапса дейм” деп жатат.

--Имамдар диний окууларды Араб өлкөлөрүнөн окуп келип деле светтик окуу жайларында, Кыргызстан эл аралык университетте окушат экен. Чубак ажы ж.б. ажылар Кыргызстан эл аралык университетти бүткөн дешет. Сиз да сабак берсеңиз керек?

--Ооба, Чубак ажы баштаган ажылар, аалымдар, МУКта магистратурада окушкан. Мен сурагам, эмне муктаждык болуп жатат деп. Алар айтты, “бизге Кыргызстан эл аралык университеттин диплому четке чыкканга керек” деп. Б.а. адамдык фактор жогору турат. Мен Чубак ажы жана башка аалымдарга дин тарахынан сабак берип калдым.

Албетте, ислам дини боюнча лекцияларда Чубак ажы ж.б. ааламдарга эркин өз каалоосу боюнча катышууга уруксат бергем. Мен Чубак ажынын маектерин дайыма укчу элем. Өзгүчү үй-бүлөө, балдарды тарбиялоо боюнча маектерин укчумун. Ошого аны аябай сыйлачумун. Мындан улам аларга эркин катышуу укугун бергем.

--Акыркы мезгилдерде бийликтегилер Балыкчы-Кочкор темир жолун салууну баштаганын жар салды. Буга удаа Кумтөр кени Кыргызстанга өткөнү ачыкка чыкты. Бул аракетттер оппозициянын түзүлүшүнө жооп катары болгон жокпу?

--Кандай гана болбосун өлкөдө күчтүү оппозициянын болгону жакшы көрүнүш. Эгер темир жол куруу, Кумтөрдү алуу иштери оппозициянын пайда болушунан улам болуп жатса, анда оппозициянын пайда болушу бийликтин шаштысын кетиргенен кабарлап жатат. Бийлик дайыма контролдо болуш керек. Аны оппозиция гана контролдой алат. Эми мен азырынча бул келишимге кеңири коментарий бергенден карманып турам. Себеби, али толук белгисиз, мындан ары окуялар кайсы багытта өнүгөрү.

Анткени, Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, канадалыктар бизден Кыргызстандын 26% акцияларынан кечкиле деп талап кылып жатышат деп, биз кечпейбиз дегендей түрдө аларды шылдындагандай билдирүүлөрдү таратып жатышкан. Бирок, кечээки билдирүүлөрдө Кыргызстан өзүнүн 26% акциясын өткөрүп бергендиги айтылып жатат. Түшүнүксүз болуп калды.

Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда Кыргызстан 4 миллираддык зыяндын жок дегенде 1 миллиардын төлөтүп алабыз деп жатат экен деген миш-миштер жүргөн саясатчылардын арасында. Бирок, зыянды төлөө маселеси келишимде жок экени көрүнүп турат.

--Кумтөр алдакачан эле бизге өтүшү керек болчу да...

--Чынын айтсам, Кумтөр бул багы ачылбаган проект болду. Кумтөр Кыргызстанга 2003-жылы эле өтмөк. Бирок, аны атайылап Кыргызстанга өткөрбөгөндөй кылып, жаңы келишимдерди түзүп коюшкан. Эгерде Кумтөр ошол кезде Кыргызстага өтсө, анда Кыргызстан дүйнөдөгү ири алтын кенди өндүрүп жаткан өлкө катары дүйнөгө таанылмак. Кыргызстандын аты алыска кетмек. Ошого 2003-жылдан тарып, бүгүнкү күнгө чейин канадалыктар биздин 67% үлүшүбүздү азайтуу менен алек болуп келди. Коррупциялык жолдор менен улам биздин үлүштү азайтып келишти.

Бүгүн болсо, Кыргызстан толугу менен өзүнүн 26% үлүшүнөн кол жууду. Муну менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү үлүштөрү да жоюлду. Биздин өлкөгө мындай кыянаттыкты дүйнөдөгү ири алтын өндүрүүчү лөк өлкөлөр жасап жатты. Кыргызстан дүйнөдөгү алтын өндүрүүчү ири өлкө катары таанылбасын деп, акырындык менен биздин 400 тонна алтынды алышып, анан бизди оюн талаасынан сыртка чыгырып салып отурушат.

Ошондуктан, жакынкы арада Кумтөр катуу талдоого жана талкууга кабылышы мүмкүн. Чоң кызыкчылыктар болгон деп. Монголия, Туркия, Канада, АКШ ж.б. Центеррага таандык биздин үлүшүбүз бар кендерге бирөөлөр үлүш алып кирип алды деген күмөн саноолор бар. Алтын бар жерде, чыр да бар. Ошодуктан, бийлик мындан ары коомчулукка ачык болушу керек деп ойлойм.

Ким билет, балким, Кумтөрдүн багы эми ачылат чыгаар. Же ушуну менен Кумтөр да, Баткендей болуп, коррупция, криминалдашып жок болот.

--Баткенди кыргыз Сицилиясына айланды деп жатышат. Эмне дейсиз?

--Баткендеги криминалдашкан абал өзү эле көрсөтүп жатпайбы, өлкөдө эмне болуп жатканын. Анан кантип Кумтөрдө баары таза болсун деген ой келбей койбойт. Баткен, чоң кызыкчылыктардын кагылышы жүрүп жаткан регионго айланды. Өзгөчө статус, шылуундарга иштеп, тескерисинче, аны кыргыз Сицилиясы кылып бүтмөй болду.

--Бийликке Бакиевдин кадрлары тоолуп алды деген сөздөрдүн чындыгы барбы?

--Кыргызстандын изоляциялык абалы, жаңы кадрлар бул бийлик менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзбөй келди. Кадрлардын көпчүлүгү чочулап, бул бийлик да кулап калса, критке кетпейин деп кызмат сурап баргандар аз болду. Бийлик деле кучак жайып бардыгын ала салайын дегендей болгон жок.

Тескерисинче, өздөрү менен кошо келген революционерлер Жапыкеевди баш кылып, баарын акырындык менен кысып, сүрүп, жолго салышты. Мындай кырдаалда кызмат сурагандар жана аны оңой алгандар Бакиевдин кадрлары болуп калды. Мурда бир командада жүргөндөр биринбири жакшы түшүнүп, тартып жатышат.

--Атамбаевдин “азыркы бийлик менден өч алып жатат” деген беттырмоочулугу туурабы?

--Учурунда Атамбаевге кылмыш иши анын Кой-Ташка жатып алып, коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч туудурганынан улам, аны ооздуктоо үчүн ачылган. Мен ойлойм, бүгүн Кой-Таш окуясы менен камалгандардын баары боштондукка чыгыш керек. Негизи, кыргыз саясатчылары Акаев бийликтен кеткенден бери өлкөдө эркин саясий конкуренция болушуна шарт түзө алышкан жок.

“Акаев эркин саясий конкуренция түзбөй жатат” деп кууп алышып, өздөрү да өлкөгө аны түзүшкөн жок. Түзгөндү кой, тескерисинче, саясатчылар эркин саясий конкуренциядан корккондуктан, бирине-бири куугунтук уюштурушуп, өздөрүнүн саясий оппонеттерин 37-38-жылдагыдай узак мөөнөткө түрмөгө олтургузуп, бирин-бирин жайлап, буйрутма жолу менен өлтүрүп, бири-бирине саясий геноцид уюуштуруп жатышат.

Менимче, С.Жапаров бардык чатактарды токтотуп, саясий элитаны консолидацияга алып келиши керек. Антпесе, оппозициянын жанданышы менен тиреш башталды, эми бийликке кыйын болуп калышы мүмкүн.

--С.Жээнбеков бийликти ишиничтүү колго өткөргөн эмес, жооп бериш керек дешет. Кийин С. Жээнбековдун жоопкерчилиги каралып калбайбы?

--С.Жээнбеков ошол учурдагы саясий абалга жараша, кан төгүлбөсүн деп бийликтен кетип жатканыдыгын түшүндүргөн. Бирок, ошол кезде АКШ, ЕС, Орусия жана башка өлкөлөр аны үч айдан кийин бийликти мыйзамдуу өткөрүп берип кетишин эскертишкен. С. Жээнбеков өз чечими менен С.Жапаровго өткөрүп берди.

Эми анын жоопкерчилиги С.Жапаровдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу болот го деп ойлойм. Эгер С.Жапаров өлкөнү кризистен алып чыгып кетсе, анда ал бийликти ишенимдүү колго өткөрүп берген болуп калат.

Эгер С.Жапаров ишти алып кете албай, өлкө мындан жаман тунгуюкка кептелсе, анда С.Жээбековго кыйын болуп калышы мүмкүн. Себеби, 5-октябрда өлкө кыйын саясий абалга тушукканда бардыгы С.Жээнбековдун саясий эркинен жана чечиминен көз каранды болуп калган.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости