www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Ишембиде күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөнүнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көлдө +14...+19 жана Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот.

Бул күнү Ош калаасында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +20...+22, Ошто +25...+27 градуска жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости