www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Литвада кармалган тажикстандык качкын жана саясий активист Сулаймон Давлатовдун жубайы бул өлкөнүн президентине кайрылып, күйөөсүнүн ишине көмөктөшүүнү жана аны Душанбеге экстрадициялоого жол бербөөнү өтүндү.

5-апрелде Литванын коопсуздук органдары Давлатовду өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган аракеттерди жасаган деген шек менен камакка алган. Бул иш купуя деп табылган.

Сулаймон Давлатовдун жубайы Хурматбиби Рахматшоева 10-апрелде "Озоди" радиосуна курган маегинде күйөөсүнүн күнөөсү жок экенин, бирок Литва тарап аны күнөөлүү деп тапса, анын соту ушул өлкөдө өтүшү керектигин билдирди.

"8-апрелде жолдошум менен сүйлөштүм. Ал абдан депрессияда болчу. Менден балдарды сурады. Улуу балабыз ооруп жатат", - деди Хурматбиби Рахматшоева.

Анын айтымында, ал катты Литва бийлигине 9-апрелде жолдогон.

"Мен катымда ал Тажикстанга экстрадицияланса катуу жазага тартылып, узак мөөнөткө абакка кесилип, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин жаздым. Демократиялык баалуулуктарды, адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлаган Литвада качкын болуп калдык. 2015-жылдан бери тажик бийлиги күйөөмдү "Группа 24" уюмуна катышканы үчүн куугунтуктоодо", - деди Рахматшоева.

Ислам темасында талкууларды уюштуруп, социалдык тармактардагы баракчаларында тажик бийлигин катуу сындап жүргөн Сулаймон Давлатов быйыл 5-апрелде Литванын күч органдары тарабынан кармалган. Учурда ал мыйзамсыз мигранттарды кармоочу атайын жайда камакта.

40 жаштагы Сулаймон Давлатов буга чейин Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылы менен "Тажикстандын конструктивдүү күчтөрүнүн конгрессине" мүчө болгон. Акыркы тогуз жылдан бери Вильнюс шаарында жашап келген. Тааныштарынын айтымында, Литвада анын рестораны, дүкөнү жана наабайканасы бар. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости