www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириядагы диний-экстремисттик кыймылга мүчө болуп кеткен Ташкенттин 34 жаштагы тургунуна издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, "Абдул Зуфар" аттуу каймана ысым менен белгилүү Миролим Улмасов 2018-жылы Түркияга иштегени кетип, ал жактан "Хайят Тахрир аш-Шам" террордук уюмуна кошулуу үчүн Сириянын аймагына өткөн.

Түркияда жүргөндө ал түрдүү интернет сайттардан хижратка жана жихадга үндөгөн Садик Самаркандинин, Абу Салахтын, Абдулла Зуфаранын жана башка адамдардын баяндарын уккан. Алардын идеяларына берилген Миролим согушкерлердин катарына кошулуп, мыйзамсыз жолдор аркылуу Сирияга барып, андагы согуштук аракеттерге катышкан.

Улмасов ошондон бери үй-бүлөсү менен байланышка чыккан эмес. Ал 2020-жылы курсташы менен "Телеграм" мессенжеринде сүйлөшүп, ага Сирияда жүргөнүн ырастаган сүрөтүн жөнөткөн. Ошол эле жылы Миролим "Жихадчылар" диний-экстремисттик кыймылдын мүчөсү катары катталган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости