www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Надя Мурад Басе Таха
Күрд, Иракта укук коргоочу. 2018-жылы Нобель сыйлыгын алган. . Ошолордун ичинде төмөнкү мусулмандар бар: Сексуалдык зордуктоого каршы чыккан Мурад муратына жетип Нобель сыйлыгына ээ болду, деги канча мусулман Нобель сыйлыгын жакында алды.Надя Мурад- 2014-жылы «ИГИЛдин» колуна туткунга түшүп, бир нече ай сексуалдык кулчулукта жашап качып чыккан. Андан соң Мурад Иракта укук коргоочу катары согушкердин аялдарга жасаган кылмыштарынын бетин ачып жүрөт.
из самых престижных международных премиОрхан Памук
Түрк жазуучусу жана сценаристи. 2006 жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгына ээ болуп, Түркиялык күрд катары дүйнөгө даңкталган. Анын чыгармалары 60 тилге которулуп, 11 миллион нуска менен чыккан. Өкүнүчтүүсү, 178 тилге чыгармалары которулуп, чыккан нускасы боюнча дүйнөдө биринчиликти алып Гиннес китебине жазылган Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгына жетпей кеткен.
Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун төрагасы, ал палестина эли менен бирге күрөшүүнүн идеясын сыймык менен эл аралык аренада алып чыкканда. Анын дагы бир эмгеги Нобель комитетинин пикири боюнча Жакынкы Чыгышта тынчтыкты сактоо үчүн зор эмгек сиңирген. 1994-жылы Нобель сыйлыгын алган.
Пакистандык физик-теоретик. Теоретикалык жана практикалык физикада бир топ чоң ачылыштарды жасаган.Табият таануу илимдери боюнча Нобель сыйлыгына жетишкен биринчи мусулман. Ли Глэшоу (Lee Glashow) жана Стивеном Вайнбергом (Steven Weinberg) менен биргеликте алган.
Мисирдин 1970 - 1981 жылдары президенти болгон. Мисирди 11 жыл башкарып өлкөнүн экономикалык жана саясий жактан алга кетүүсүнө чоң салымын кошкон. Мисир президенти Израил менен тынчтык келишимине кол койгон соң Нобель сыйлыгын алган.
Ирандан чыккан адвокат, укук коргоочу жана мурунку судья. Анын башкы иш аракети аялдардын жана балдардын укугун коргоо болгон. Демократияга жана адамдардын укугун коргоого кошкон салымы үчүн 2003-жылы Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.
Мисирлик юрист, дипломат, 1997-2009 жылдары Атом энергетикасы боюнча эл аралык агентчиликтин (МАГАТЭ) Башкы директору болуп турган. Ядролук энергетиканы согуштук максаттарда пайдаланууга каршы күрөшкөнү үчүн жана аны тынчтык максаттарда гана колдонулушун камсыз кылганы үчүн 2005-жылы Нобель сыйлыгына лауреат болгон.
Йемендик журналист, укук коргоочу, саясатчы. 2005 жылы « Максаты жок аялдар журналистикасы» уюмунун уюштуруучуларынын бири, 2011 жылы Йеменде болгон көтөрүлүш учурунда эл аралык аренада белгилүү инсанга айланган. Йеменде аны «революциянын энеси», «темир аял» дешет, Нобель сыйлыгын алган биринчи араб аял.
Ахмед Зевейл
1999 жылы химия боюнча Нобель сыйлыгынын ээси болгон. Нобель сыйлыгын алган биринчи мусулман химик жана биринчи араб окумуштуу. «Фемтохимиянын» атасы деген ат менен белгилүү..
Химия боюнча «ДНКны калыбына келтирүү механизмдерин иликтегендиги» боюнча 2015-жылы Нобель сыйлыгына лауреат болгон түрк окумуштуусу.
1988-жылы араб аңгемелериндеги акыйкаттуулуктун жана көркөмдүүлүктүн адамзатка тийгизген таасирлери үчүн адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»