www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13 жоокер кургак учук жуктуруп, ооруканага түштү

Жыл башынан бери кургак учук жуктурган 13 жоокер ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди.

Анын айтымында, 12 жоокер Абадан коргонуу күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бригадасында, 1 жоокер башка аскер бөлүктө кызмат өтөйт.

Кургак учук жуктурган жоокерлердин тобу ооруканага алгач 21-январда келип түшкөн.

«Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Ушул жумада бир бейтапты чыгарууну пландап жатабыз. Баары кургак учуктун жабык түрүн жуктурушкан. Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган жоокер башка стационарда дарыланып жаткан болушу мүмкүн», - деди Баялиева.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости