www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-мартка карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6 күндүз +1…+6

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8 күндүз -3…+2

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3 күндүз +2…+7

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 күндүз +3…+8

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7 күндүз -1…+4

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13 күндүз -2…-7

Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз +2…+4° болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости