www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 12-мартта Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун алгачкы жыйналышы болду.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин жетекчилиги алдында өткөн отурумга президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, министрликтер менен ведомстволордун мамлекеттик тил багытында иш алып барган адистери жана эксперттер катышты. Нурланбек Азыгалиев демилгенин максаты мыйзамдарда колдонулган терминдердин түшүндүрмөлөрүн иретке келтирүү экендигин белгиледи.

«Азыркы кезде сырттан келген бир топ эл аралык жаңы терминдер пайда болду. Анын түшүндүрмөсүн так билбей туруп, ар кандай мааниде колдонуп келе жатабыз. Бул демилгенин негизги максаты өлкөнүн ченемдик укуктук актыларын колдонууда орун алган терминдердеги башалмандыктарды жоюу, аларды бирдиктүү системага салып, мамлекеттик тилдин талаптарына ылайык колдонууга жетишүү болуп саналат», - деди Азыгалиев.

Жыйналыштын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү секцияларга бөлүштүрүлүп, 2024-жылга карата иш-чаралардын планы бекитилди. Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү, экинчи этабында юридикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү иштелип чыгат.

 

Последние новости