www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-октябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 14-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +9…+11 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости