www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илхам Алиев: Армения тынчтыкты каалабайт...

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанда өткөн КМШ өлкө башчыларынын саммитине келбей койгон Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга нааразы болду.

Саммит 13-октябрда Бишкекте өттү. Никол Пашинян Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөшүп, бир катар жагдайлардан улам КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынына катыша албай турганын билдирген болчу. 

Мындан улам Азербайжан менен Армениянын өлкө жетекчилеринин Бишкекте болжолдонуп жаткан эки тараптуу сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурады. Буга байланыштуу Алиев Армения тынчтыкты кааласа бардык мүмкүнчүлүктү колдонмок деген пикирин билдирди.

Бул тууралуу ал: "Армения тынчтыкты каалайбы деген суроо жаралат. Менимче, жок. Эгер кааласа бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланмак. Армениянын премьер-министри 6 саат жол жүрүп Гранададагы түшүнүксүз жолугушууга барып, Азербайжансыз Азербайжанды талкуулады. Ал эми 2-3 сааттык жолдогу Бишкекке келе албай калганы кызык", — деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости