www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 14 жашар бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип, окуя болгон жерден жан берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо-3 конушундагы жеке менчик үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өзүнө жаракат келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып маалыматты тактаганда, үйдүн ичинен 14 жашар баланын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип, жеринде каза болгону аныкталган. Ал 2007-жылы туулган С.С. аттуу бала болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 136-берене "өзүн өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти райондук милициядан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости