www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктар Орусияга уруксат кагазы жок уча алышат

Кыргызстандыктар эми Орусияга түз жана чартердик каттамдар менен уруксат кагазы жок уча алышат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстан ЕАЭБдин «COVID-19суз саякат жаса» долбооруна кошулган.

«COVID-19суз саякат жаса» тиркемеси ЕАЭБдин аймагында эркин жана коопсуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Программага буга чейин Орусия, Беларусия жана Армения өлкөлөрү кирген. Жакында эле платформага кошулган Кыргызстандын жарандары уруксат кагазы жок түз жана чартердик каттамдарды аткара алышат. Тиркеме ошондой эле программага байланыштуу лабораторияларга эркин барып, тесттин жыйынтыгын QR-код түрүндө түздөн-түз уюлдук телефон аркылуу алууга мүмкүнчүлүк берет», — деп билдирди «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы.

Тиркемени кантип колдонуу керек:

- Жакынкы лабораторияларды көрүү үчүн геолокацияны күйгүзүп коюу;
- Сапарга пландаштырылган паспортту сканерлеп алуу;
- Кеткен жана келген өлкөлөрдү тандап алуу;
- Текшерүү үчүн лабораторияга тандап, жазылуу;
- Лабораторияга келгенден кийин изилдөө жүргүзүү үчүн документке «макул» деген кол коюп, мобилдик тиркемеде натыйжаларды алуу;
- Колдонмо аркылуу QR-кодун сканерлеп алуу.

Изилдөөнүн натыйжалары QR-код форматында тиркемеге жөнөтүлөт. QR-коду менен алынган коронавирустук тесттин жыйынтыгын көзөмөлдөөчү органдарга ЕАЭБ өлкөлөрүнө саякат учурунда көрсөтсө болот.

Кыргызстан бул тиркемеге кошулганда өлкөдөн чыгып кетүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүп, каттамдардын саны көбөйүп, ошого жараша билеттердин баасынын айланасындагы толкундануу басаңдайт деп болжолдонгон.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусияга чартердик каттамдар менен учуу үчүн тийиштүү уруксат кагазына муктаж болушкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости