www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Кытай Өкмөтү тараптан коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза «Sinopharm» вакцинасы түрүндө көрсөтүлгөн көмөгүнө ыраазычылык билдирди.

«Мамлекет башчы Кытай Эл Республикасына кыргыз элине берилген вакцинасы үчүн ыраазычылыгын билдирет. Үстүбүздөгү жылдын 29-мартынан тарта республикада вакцинациялоонун биринчи этабы башталды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча «Sinopharm» вакцинасын 700төн ашуун адам алды. Медиктердин айтымында, вакцина алагандардын бардыгынын абалы канааттандыраарлык, кандайдыр-бир олуттуу терс таасирлери байкалган жок. Биз үчүн тобокелдик зонасына кирген жарандарды вакцинациялоо артыкчылыктуу маселе болуп саналат», - деди Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын жандандырылышы жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын катарында «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши боюнча маселелер талкууланды.

Улукбек Марипов белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иши тараптардын кызыкчылыгына дал келген жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууга жана мындан ары Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы өз-ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

КЭР элчиси Ду Дэвэнь саламаттыкты сактоо жана өзгөчө кырдаалдар жана башка тармактар боюнча техникалык көмөк көрсөтүү жаатындагы гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча учурдагы абал тууралуу маалымдады.

Өкмөт башчы Ду Дэвэнге кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле келечекте Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярдыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости