www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү бул кылмыштуу көрүнүштү жок кылуу керектигин дагы бир жолу эскертти. Мындай билдирүүнү Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) таратып, каргашалуу окуя боюнча өз позициясын билдирди.

«Калкты жайгаштыруу боюнча БУУнун фондунун сурамжылоосу көрсөткөндөй, өлкөдө ар бир бешинчи аял мажбурлоо аркылуу турмушка чыгат. Никеге мажбурлоо — бул кылмыш, мындай көрүнүш өлкөдө чоң көйгөй бойдон калууда. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 20-24 жаштагы аялдардын 13 пайызы 18 жашка чейин нике курушат», - деп айтылат билдирүүдө.

БУУ жапа чеккендерге коопсуздук менен адилеттүү сот жараянын камсыздап, кылмышкерлерди мыйзам чегинде жоопко тартууга чакырат. Ошондой эле аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга, жоюуга багытталган мыйзамдарды туруктуу ишке киргизүүгө жана аткарууга чакырат.

«Президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Улукбек Марипов расмий билдирүүлөрүндө Айзада Канатбекованын өлүмүн алдын алса боло турган улуттук трагедия катары сыпаттады. БУУ бул билдирүүлөрдү кубаттайт. Уюм аялдарга жана кыздарга карата көрсөтүлгөн зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости