www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият: «Ала качуу — арам»

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Айзада Канатбекованын уурдалып өлтүрүлүшү боюнча билдирүү таратып, бул окуяны шариятка жана адамкерчиликке жатпаган, адамдын жанын кейиткен аянычтуу окуя катары баалады.

Төмөндө муфтияттын кайрылуусу:

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Айзаданын ата-энесине, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Шариятыбызга жана адамгерчиликке жатпаган жана инсандын жанын кейиткен аянычтуу окуя болду.

Аял дегенде сөздүн аталышынан эле туюнтулуп тургандай, аярлай турган назик, алсыз, бирок асыл затты түшүнөбүз. Аялзаты табиятынан коргоого, колдоого муктаж.

Тилекке каршы, карт тарыхта аялзаты көбүнесе басмырлоого дуушар болуп келди. Аялзатына зордук-зомбулук, кызыл камчылык, басмырлоо аракети ар кайсы доордо ар кандай деңгээлде өнүгүп отурду. Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү.

Ыйык курандагы жалпы өкүм-буйруктар эркектерге эле эмес, аялдарга да тиешелүү. Аялдар да күнөөдөн тыйылып, жакшы иш кылууга буюрулган. Ыйык Куранда эркекке да, аялга да атайын кайрылган аяттар бар.

«Жакшы иштерди жасаган эркекпи, аялбы, эгер алар ыймандуу болушса бейишке киришет. Аларга кымындай да зулумдук кылынбайт»

Бүгүнкү күндө коомубузда айрым учурларда катталып жаткан «аялзатына зомбулук фактылары» кейиштүү жагдай боюнча калууда. Мунун себеби катары Ислам дининен тарбия жана маалыматтын жетишсиздиги деп көрсөтүүгө болот.

Урматтуу мекендештер!

Ала качуу арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт. Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам. Ушундан улам Ислам дини көрсөткөн жол менен турмуш куруп, башка бирөөнүн өмүрүнө, ден-соолугуна кедерги тийгизбөөгө чакырабыз.

Анткени, адамдын жаны аманат!».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости