www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга айыпталып, УКМКнын СИЗОсунда жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев «кусуп» берүүгө макулдашып, кызык жүрүш салганын эшиттик. Анын буга чейинки «соодалашуусу» оңунан чыкпай, акыры тергөө менен кызматташууга барганы ушулбу? Кубанычбек Жумалиев жакын адамдары аркылуу Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун 970 миллион сомго баалап, калганын накталай акча аркылуу толуктап, баш-аягы 1 миллиард сом мамлекетке төгүп жатканы маалымдалды.

Башта Жумалиев заводду кредитке салып атканын кабарлаган жайы бар эле. Эми мамлекет анын карыздарын, үстөк миллондорун төлөп калабы? Ушул жагынан алганда, коррупцияга шектелип жаткан адам менен кандай келишимдер түзүлгөн? Азырынча УКМК расмий маалымат тарата элек.

Айрым билермандардын баамында, кууланган Кубанычбек Жумалиев тергөө менен кызматташууда бийликти алдап кеткени, көп байлыктары жакын адамдарында сакталуу бойдон калганы каңкууланууда. Алгач УКМК депутаттын алтымыштан ашык объектилерин, үй-мүлктөрүн жарыялап, элдин оозун ачырган болчу. Натыйжада, Жумалиев бир гана заводун берүү менен эркиндикке чыкканы калдыбы? Баракелде! Мына коррупцияга каршы күрөш!

Булак: Азия News гезити

Последние новости