www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Азык-түлүк, күйүүчү майдын кымбаттоосунун токточудай түрү жок. Кымбатчылыкты ооздуктап, экономикалык жылыштарды жасаса болобу?

- Мамлекеттик тескөө, жөндөө жок. Мамлекеттик жөндөө аппараты иштебейт. Иштеткенди билишпейт же атайын иштетишпейт. Эл дагы көпкө кыйналат. Мамлекеттин башкаруу деңгээли начар. Экономикалык рычагдар пайдаланылбайт. Атайын жөндөөчү мыйзамдар кабыл алынган эмес. Биздин мамлекетте башаламандык кандай болсо, бааларды тескөө, экономиканы жөнгө салуу да башаламан.

Андыктан, бул көрүнүш улана берет. Ким кандай кааласа ошондой бааларды коё берет. Аны «кой, ай» деген киши жок. Антейин десе бензин, нефть ж.б. баарын тескей турган адамдар мамлекеттин башында отурушат. Алардан түшкөн чоң пайдалар ошолордун чөнтөгүнө кетет. Мамлекетке кетпейт. Баалар канчалык көп өссө, алар байыйт.

Ошон үчүн дүкөндөгү азык-түлүктөр, тарифтер көтөрүлүп жатат. «Электр энергиясын көтөрөбүз» деп жатышат. Күйүүчү майлар кымбаттайт. Ар ким өз каалаган бааларды коюп байый берет.

- Мамлекет тарабынан, жаңы бийликтен экономика боюнча кеңешчи болушуңузду суранган сунуштар болдубу?

- Болсо да ал жаштан өтүп кетти. Ансыз да өз кеңешимди ар убак гезиттерден, телерадиолордон, социалдык тармактардан жарыялап турам. Эгерде алардын кичине түшүнүгү болсо, ошол жактан деле алса болот. Буларда андай түшүнүк жок. Ар ким өзүнүн досун, өзү каалаган адамын кызматка коюп жатат. Алар маселе чечип жатабы, бир Кудай өзү билет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости