www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Планетадагы эң көп миллиардерлер жашаган шаар аныкталды

Дүйнө жүзүндөгү миллиардерлердин көбү Кытайдын борбору Пекин шаарында жашайт. Мындай маалыматты чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, өткөн жылы Пекин шаарында миллиардерлердин саны 33кө көбөйгөн. Азыр болсо алардын саны 100гө жетти. Коронавируска каршы ийгиликтүү күрөш жана технологиялык компаниялардын өсүшү Пекин шаарын миллиардерлер жашаган шаарлардын сап башына чыгарган.

Пекин шаарындагы эң бай тургун катары TikTok тиркемесинин негиздөөчүсү Чжан Имин саналат. Анын кирешеси 35 миллиард 600 миллион доллар.

Буга чейин 7 жыл катары менен Нью-Йорк шаары миллиардерлердин шаары катары саналып келген. Анда 99 миллиардер жашары айтылган.

Ал эми миллиардерлер көп жашаган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат, бул өлкөдө 724 миллиардер жашайт, экинчи орунда 698 миллиардери менен Кытай өлкөсү турат. Үчүнчү орунда болсо Индия, анда 140 миллиардер жашайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости