www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашаган 14 жаштагы өспүрүм өз өмүрүнө кол салып каза болду. Өспүрүмдүн атасы эч кимге доосу жок экенин билдиргени менен милиция текшерүү ишин баштады.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, кырсык 13-майда болгон. Окуучу үйүнүн чатырындагы устунга жип менен асынган абалда табылган. Өспүрүмдүн денесине сырттан кароо жүргүзгөндө мойнундагы жипке асынган тактан башка жараат жок экендиги аныкталган.

Ошондой эле, милициядан өспүрүмдүн атасы арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартканын кошумчалады.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Өзүн-өзү асып өлтүрүү» беренеси менен катталып, териштирүү иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости