www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Бишкекте апасы менен кызын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкендиги тууралуу маалымдалган. Аталган кылмыш ишине шектелип өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты. 

Анын айтымында, кармалган өспүрүм бала каза болгон кыздын таанышы болгон.

"Кыз менен өспүрүм бала отуруп уруша кетишкен, мындан улам апасы кызына болушкан. Пикир келишпестиктин натыйжасында бала аларды бычак менен моюнга сайып салган.

Бүгүн, 14-майда апасы менен кызынын сөөгү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жерге берилди. Бизге жеткен маалыматтар боюнча шектүү баланын ата-энеси Балыкчыга барып, туугандарынан кечирим сурап жатышыптыр", - деп билдирди өздүк булак.

Эске салсак, 12-май күнү 11:25 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына шаардагы көчөлөрдүн бириндеги турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. 

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, эки аялдын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Алар 1958-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар болушкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости