www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-майда Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтөт

17-майда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Анда «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы талкууланат. Ошондой эле отурумга президент Садыр Жапаров да катышат.

Эске салсак, 12-майда «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия жыйын өткөрүп, анда Канадалык «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталганы айтылган.

Ошондой эле «Кумтөр Голд» компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан 11-майда чыгып кеткени белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости