www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда аталаш туугандар пневматикалык мылтык менен аңчылыкка чыккан. Жыйынтыгында алардын бири каза болду. Бул тууралуу Ташкент облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Ташкент облусунун Паркент районунун 14 жаштагы тургуну аталаш агасына конокко келген. Үй ээсинин 15 жаштагы баласы менен коноктоп келген 14 жаштагы өспүрүм уруксатсыз пневматикалык мылтыкты үйдөн алып кетишкен. 

Канаттууларга аңчылык кылуу учурунда 14 жаштагы бала кокусунан 15 жаштагы агасын атып алган. Атылган ок көкүрөккө тийип, мылтыктын ээсинин 15 жаштагы уулу окуя болгон жерден каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости