www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия: Орусиялыктар үчүн виза киргизүү – согуш жарыялоого тете болот

Грузия: Орусиялыктар үчүн виза киргизүү – согуш жарыялоого тете болот

Журналист: NAZARNEWS
05.08.2022, 14:41
2275
|

Грузиянын бийлигинде орус жарандары үчүн виза режимин киргизүү планы жок. Бул тууралуу бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын мүчөсү, парламенттеги юридикалык иштер боюнча комитеттин төрагасы Анри Оханашвили билдирди.

"Оппозициянын, анын ичинде Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын Орусия менен виза режимин калыбына келтирүү талабы – "туруксуздукка жана согушка" алып келет", – деди Оханашвили.

Буга чейин "Грузин кыялынын" лидерлери, анын ичинде партия төрагасы Ираклий Кобахидзе бир нече жолу оппозиция мындай талабы менен Грузияны Орусия менен согушка түртүп жатканын айтышкан.

Быйыл март айынан бери Орусиядан Грузияга 300 миңден ашык орусиялык барды. Алардын көбү Тблиси, Батуми өңдүү шаарларга узак мөөнөттөргө барууда, басымдуу бөлүгү батирлерди сатып же ижарага алышкан.

Орус жарандары үчүн грузин визасын алуу талабын 2011-жылы Грузиянын ошол кездеги президенти Михаил Саакашвили жокко чыгарган. Ал бул чечимин өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү аракети менен түшүндүргөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин Грузия менен виза режимин киргизүү тууралуу жарлыкка 2000-жылы кол койгон. Грузин жарандары үчүн бир тараптуу виза режими бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями