www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аль-Ка́ида» -мусулмандардын эл аралык террористтик уюму. 1988 жылы СССР Ооганстандан аскерин алып кеткенде түзүлүп, АКШ жана батышка каршы күрөшкөн. «Аль-Ка́иданын» башкы максаты «Улуу ислам халифатын» түзүү болгон. Көптөгөн террористтик актыларды жүргүзгөн, башкысы 2001 жылдын 11 сентябрында АКШга жасаган кайгылуу чабуулу ага каршы дүйнөлүк чабуулду күчөтөт. «Аль-Ка́иданын» башында Бен- Ладен турган ал 2011 жылы жок кылынган. «Аль-Каиданын" түзүлүшүнө ЦРУ себепкер, ал «Аль-Каиданы" финансылап турган.  «Аль-Каиданын" аты 1996 жылы чыга баштаган. 1996-2001 жылы «Аль-Каида" Ооганстанга жайгашкан. Бул жерде алар баңги зат сатуу менен шугулданган. 1998 жылы Усама бен Ладен америкалыктарды өлтүрүүгө чакырган фетваны кабыл алган ага каршы дүйнөлүк чабуулду күчөтөт. Усама бен Ладен 2011 жылдын 2 майында өлтүрүлгөн.  

Анын ордуна Айман ал-Завахири болгон. "Талибан" кыймылы "Аль-Каиданын" лидеринин Ооганстандагы өлүмү боюнча комментарий берди. Ооганстанды көзөмөлдөгөн талиптер "Аль-Каида" террордук тобунун лидери Айман ал-Завахиринин жок кылынышы тууралуу АКШ президенти Жо Байдендин жарыясына жооп кайтарды.

«1444-жылдын 2-мухаррамында (мусулман календары боюнча) Кабул шаарындагы турак жайга абадан сокку урулган, эки күндөн кийин АКШнын президенти Жо Байден бул чабуул учурунда америкалык аскерлер «Аль-Каиданын» лидери Айман аз-Завахириге кол салганын айтты. Ооганстандын Ислам Эмиратында (Талибан өз өкмөтүн ушундай деп аташат) Айман ал-Завахиринин Кабулга келиши жана калганы тууралуу маалыматы жок”, - деп билдирди бейшемби күнү Талибан өкмөтүнүн өкүлү Забиулла Мужахид.

Анын айтымында, “Ооган Ислам Эмирлигинин жетекчилиги тергөө органдарына жана чалгындоо органдарына окуянын ар кыл аспектилери боюнча ар тараптуу жана олуттуу иликтөө жүргүзүүнү тапшырган”.

Мужахид өзүнүн Twitter баракчасында Афганистандын аймагынан эч бир өлкөгө, анын ичинде Америкага эч нерсе коркунуч келтирбей турганын белгиледи.

“Ислам Эмираты Доха келишимин ишке ашырууну каалайт жана келишимди бузуу токтотулушу керек. Америка биздин аймакка басып кирип, бардык эл аралык принциптерди бузган фактысын биз дагы бир жолу катуу айыптайбыз. Мындай аракеттер кайталанса, анын кесепеттери үчүн жоопкерчилик Америка Кошмо Штаттарына жүктөлөт», - деп баса белгиледи Талибан расмий өкүлү.

Буга чейин Байден "Аль-Каиданын" лидери 31-июлда жок кылынганын айткан. 3-августта Ак үй АКШ Ооганстандагы антитеррордук операцияларды, анын ичинде “Аль-Каиданы” жок кылууну улантууну пландап жатканын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости