www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 23-чакырымындагы кырсык тууралуу маалымат Ноокат РИИБине 13-июнда саат 11:53төр чамасында келип түшкөн.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Ноокат районундагы жол кырсыгынын чоо-жайын айтты.

Эске салсак, кечээ, 13-июнь күнү, Ноокат районунда өспүрүм балдар келе жаткан унаа аласалып, 6 адамдын өмүрү кыйылган.

Маалым болгондой, Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 23-чакырымындагы кырсык тууралуу маалымат Ноокат РИИБине 13-июнда саат 11:53төр чамасында келип түшкөн.

"Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны 15 жаштагы өспүрүм башкарып бара жаткан. Ал каршы тилкеде келе жаткан Daewoo Matiz автоунаасы менен кагышкан. Аны 32 жаштагы Баткен облусунун тургуну айдап бараткан. Кырсыктан Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаадан бир адам, ал эми экинчи көлүктөн айдоочусу менен кошо төрт адам мерт болгон", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан алты киши жабыркап Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Алар 17 (экөө), 16, 15, 7 жана 3 жаштагы балдар.

Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар, милиционерлер жана медиктер тартылып, тиешелүү жардам көрсөтүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости