www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын бийлиги армениялык 15 аскердик туткунду Тоолуу Карабактагы мина талааларынын картасына алмаштырганын билдирди. Бул маалыматты Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян да ырастады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, армян тарап берген карталар Тоолуу Карабактын Агдам районундагы 100 миңге жакын мина коюлган аянттарды көрсөтүп турат.

Былтыр күзүндө алты жумага созулган согуш маалында азери армиясы колго түшүргөн Армения аскерлеринин жана жарандарынын саны белгисиз бойдон калууда.

Март айында Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжанда Армениянын 249 жараны туткунда кармалып турганын кабарлаган.

Буга чейин расмий Ереван Арменияга 69 аскердик туткун кайтарылганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости