www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сырдарыя районундагы мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жарым жылаңач кыздар менен бирге майрамдашкан. Ошол учурда тартылган видео социалдык түйүндөргө тарады. Алардын арасында акимиаттагы жоопкерчиликтүү кызматты ээлеген адамдар жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери болгон.

Сырдарыя облусунун администрациясы тараткан маалымат боюнча, бул видео 2020-жылдын октябрында «Евро Азия» ресторанында тартылган.

«Чиновниктер отурган бөлмөгө капысынан шоу-балеттеги кыздар кирип барган. Алар кокустан пайда болгон бийчилерди жактырбай, аларга акча берип, тез арада чыгып кетүүнү суранышкан», - деп айтылат маалыматта.

Расмий маалыматта, ресторандын жамааты жана жетекчилер менен сүйлөшүүлөр, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости